24.kg
11:35, 16 ноября 2020, 24.kg

Тажикстанда белгилүү дин кызматчысы камалды

Тажикстанда салафиттердин бейрасмий лидери катары таанымал белгилүү дин кызматчысы Сирожиддин Эшони (Сирожиддин Абдурахманов) камалды. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы анын туугандарынын бирине шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, дин кызматчысы Душанбе шаарынын Зарафшон маалесиндеги үйүнөн күч органдарынын өкүлдөрү кармап кеткен. Анын компьютери жана диний китептери конфискацияланган.

Азырынча Сирожиддин Эшонинин эмне себептен камалганы белгисиз. Шаардык милиция бул кабарды бышыктап да, төгүнгө да чыгара элек. «Азаттыктын» тажик кызматы дин кызматчысы менен кошо анын бир канча шакирти кармалганын жазды.

Сирожиддин Эшони 2009-жылы камалып, жети жылга эркинен ажыратылган. Анда ага «улуттук, расалык жана диний кастыкты козуткан» деген айып тагылган. Ал абактан 2013-жылы мунапыс менен бошотулган.

 

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18