24.kg
10:00, 16 ноября 2020, 24.kg

Эрдоган Кипрди эки мамлекетке бөлүү керектигин билдирди

15-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган эгемендигин Анкара гана тааныган Түндүк Кипрге барып, эл аралык коомчулук Кипрдин эки мамлекетке бөлүнгөнүн расмий таанышын каалай турганын билдирди.

«Кипрде эки эл жана өзүнчө эки мамлекет бар. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгында эки тарап өзүнчө мамлекет болушу керек», — деди Эрдоган.

Түндүк Кипр 1983-жылы өзүн эгемен өлкө деп жарыялаган. Ага чейин аралдын кипрлик түрктөр басымдуулук кылган түндүк бөлүгүн Түркиянын аскерлери оккупациялап алган. Аны эгемен өлкө катары Анкара гана тааныган.

Буга чейин Кипрдин эки жамааты аралды бириктирүүнүн мүмкүндүктөрү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес.

Айрым басылмалар белгилегендей, Кипрдин түндүгүндө Эрдоган колдогон саясатчы Эрсин Тартар бийликке келгенден кийин эки тарапты кошуу тууралуу сүйлөшүүлөр мурдагыдан да оорлоду. Тартар эл аралык коомчулук Түндүк Кипрдин эгемендигин таанышы керектигин билдирип келет.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18