24.kg
18:47, 13 ноября 2020, 24.kg

Садыр Жапаров 14 саат манас айткан Дөөлөт Сыдыков менен жолукту

Садыр Жапаров 14 саат манас айткан Дөөлөт Сыдыков менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Кыргыз элинин руханий жана маданий мурастарынын улуу дөөлөтү — бул «Манас» эпосу. Кыйын мезгилдерде Манастын образы манасчылык өнөр аркылуу кыргыз элине күч-кубат берет. Азыр ар бир адамдын мамлекеттин өнүгүүсү боюнча өзүнүн позициясы жана көз карашы, дүйнө таанымы бар, бирок Манаска келгенде баарыбыз бирбиз. Сиз жаңы рекордду гана жаратпастан, элди биримдикке чакырдыңыз», — деди Садыр Жапаров.

Баарлашуунун жүрүшүндө манасчы чыгармачылык чөйрөдө кездешкен тоскоолдуктар тууралуу айтып берди. Чыгармачыл инсандардын пикирлерин уккан соң, Садыр Жапаров өкмөтү салттуу чыгармачылыкты өнүктүрүүнү аркалап жүргөн жактардын көйгөйлөрүн тез арада чечип берүүгө болгон күч-аракетин жумшаарына ишендирип кетти.

Садыр Жапаров Дөөлөт Сыдыковго баалуу белектерди тапшырып, чың ден-соолук жана ийгиликтерди каалады.

Photo 186293

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18