24.kg
13:41, 13 ноября 2020, 24.kg

Быйыл 10 айда Кыргызстанда азык-түлүк баалары 9,6%га өскөн

Быйыл январь-октябрь айларында өлкө боюнча керектөөчү баалар 5,3%га өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Ошол эле учурда азык-түлүк менен алкоголсуз суусундуктардын баасы 9,6%га, ичимдиктер менен тамеки продукциясы 5,8%га, кызмат көрсөтүү 1,7%га жана азык-түлүк эмес товарлардын баалары 0,5%га кымбаттаган.

Баалардын кымбатташынын эң жогорку көрсөткүчү Талас облусунда белгиленген (8,5%га). Ал Талас облусунда азык-түлүк менен алкоголсуз суусундуктардын баасынын 16,6%га кымбатташы менен шартталган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18