24.kg
17:26, 12 ноября 2020, 24.kg

Жапаров: Президенттик шайлоодон өтпөй калсам, тарапташтарым митингге чыкпайт

Президенттик шайлоодон өтпөй калсам, менин тарапташтарым митингге чыкпайт. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Ал шайлоо таза өтүшү керектигин айтып өттү.

«Биздеги үч революция тең шайлоонун айынан келип чыккан. Биз өткөндөн сабак алышыбыз керек. Добуш сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу болсо, журналисттер сиздер ачыкка чыгарып, жазып туруңуздар», — деди ал.

Ал президенттик шайлоону таза өткөрүү үчүн блокчейн системасын киргизүү боюнча иштер жасалып жатканын айтып, президенттик шайлоого чейин ал иштер бүтпөй калса, блокчейн системасы парламенттик шайлоодо киргизилиши мүмкүн экенин билдирди.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18