24.kg
10:14, 12 ноября 2020, 24.kg

Дөөлөт Сыдыков 12 саат тынбай манас айтып, Гиннесс китебине кирмекчи

Дөөлөт Сыдыков «Манас» эпосун узак убакытка айткан иш-чарасын баштады. Ал Гиннесстин рекорддор китебине кирүү максатын алдына койду.

Борбордук «Ала-Тоо» аянтында Манастын эстелигинин жанына бийиктиги беш метр айнектен жасалган боз үй (атайын жай) курулган. Манасчы Сыдыков ошол үйдүн ичинде отуруп токтобой, эс албай, тамактанбай, суу ичпей 12 саат бою манас айтмакчы.

Манас айтуунун алдында Дөөлөт Сыдыковдун салмагы жана кан басымы текшерилди.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18