24.kg
10:02, 12 ноября 2020, 24.kg

Түркмөнстанда беткап режиминин сакталышына көзөмөл күчөтүлдү

Өлкөдө коронавирус жуктурган бир да учур каттала электигин билдирип келаткан Түркмөнстандын бийлиги беткап режиминин сакталышына көзөмөлдү күчөттү.

«Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын маалыматына караганда, жергиликтүү бийлик, полиция жана санитардык-эпидемиологиялык кызмат биригип, түрдүү мекемелерде, компанияларда жана мектептерде рейддерди жүргүзүп, беткапсыз жарандарга айып пул салышууда.

«Көчөдө беткапсыз жүргөндөргө 20 манаттан (5,7 АКШ доллары), жабык жайларда беткап тагынбагандарга 50 манаттан (14,3 доллар) айып пул салып жатышат. Бул катардагы жарандар үчүн бир топ эле ири сумма болуп эсептелет», — деп билдирди радионун кабарчысы.

Полициядагы өз булактардын айтымында, айрым облустарда тартип сакчылары күнүнө жок дегенде беткапсыз жүргөн бир адамды кармоого милдеттендирилген. Эгер полиция кызматкери кеминде бир беткапсыз жаранга айып пул салбаса, аны өз чөнтөгүнөн төлөшү керек болот.

Расмий Ашхабад мурдагыдай эле өлкөдө коронавирус жок деген позицияда. Түркмөнстан - COVID-19 өз аймагында бар экенин четке каккан БУУнун жападан-жалгыз мүчөсү.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18