24.kg
18:10, 11 ноября 2020, 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары эртеңки жыйынын «Ак үйдө» өткөрөт

Жогорку Кеңештин депутаттары октябрь айындагы элдик толкундоодон кийинки «Ак үйдөгү» алгачкы жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, эртең, 12-ноябрда, саат 10:00дө парламент имаратынын батыш залында жалпы жыйын өтөт. Күн тартибинде 10 мыйзам жана бир токтом долбоору каралмакчы.

Эске салсак, 6-октябрда «Ак үйдүн» ичи талкалангандан кийин ЖК депутаттарынын жыйыны «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18