24.kg
12:37, 11 ноября 2020, 24.kg

Президенттик шайлоо. Клара Сооронкулова БШКга документтерин тапшырды

«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик шайлоого катышуу үчүн арызын жолдоду. Бул тууралуу анын партиялаштары билдирди.

Клара Сооронкулова Ош облусунун Алай районунда 1969-жылы төрөлгөн. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын соту болуп иштеген.

2020-жылы «Реформа» партиясын жетектеп, парламенттик шайлоого катышты.

Учурда БШКга президенттикке талапкер болуш үчүн Бектур Асанов, Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Арстанбек Абдылдаев, Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Бакыт Бакетаев, Абдыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев жана Жеңишбек Байгуттиев арыз беришти.

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Садык Шер-Нияз дагы ат салышмакчы. Бирок, ал жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров БШКга арыз бере элек. 

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18