24.kg
11:56, 11 ноября 2020, 24.kg

Кой-Таш окуясы. Алмазбек Атамбаев камактагыларды бошотууну суранды

Кой-Таш окуясы боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунда отурум башталып, ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алып келинди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.

Учурда сот кылмыш ишинин фигуранттарына баш коргоо чарасын узартууну караштырууда. Мамлекеттик айыптоочу Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова менен Кундуз Жолдубаевадан башкаларын камакта калтырууну суранууда. Мындан тышкары прокурор Равшан Жеенбеков менен Мээрбек Мискенбаевди камакка алууну суранды, эске салсак, буга чейин аларды үй камагына чыгарышкан.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айтымында, «Альфа» кызматкери Үсонбек Ниязбековду ким өлтүргөнү жакында ачыкка чыкмакчы.

«Ошондой эле Орозбек Опумбаев менен Кашкар Жунушалиевдин (УКМК менен ИИМдин мурдагы жетекчилери — 24.kg агенттигинин эскертмеси) ошондо айткан сөздөрүн мезгил ачыкка чыгарат. А мен отура берем. Жанымдагы Канат Сагымбаев менен Фарид Ниязовду кое берип койгула, чындыкка мен да кызыкдармын, Кой-Таш окуясы боюнча да, Батукаев боюнча дагы. Балдар мени сатпаганы үчүн отурат. Сотко болгону бир гана суранычым бар — мени камакта калтыргыла, мени ансыз деле 11 жылга соттошту», — деди Алмазбек Атамбаев.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18