24.kg
10:10, 06 ноября 2020, 24.kg

Өзбекстан түрк компаниясы менен кара куурайдын уругун кайра иштетет

Өзбекстан Түркиянын «JFC ENERJI YATIRIM SANAYI ve TICARET A.S.» компаниясы менен 229,6 миллион долларга техникалык кара куурай өстүрүү боюнча кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду.

Өзбекстандын Инновациялык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, техникалык кара куурай эң тез өскөн өсүмдүктөрдүн бири деп эсептелет. Целлюлозанын түшүмдүүлүгү пахтага караганда төрт эсе жогору. Завод айыл чарба химикаттары менен сууну салыштырмалуу азыраак талап кылат.

«Техникалык кара куурай 110 күндүн ичинде 2-3 метрге чейин өсүп, бир сезондо бир нече жолу түшүм жыйноого болот», — деп жазылган билдирүүдө.

Өзбекстан менен меморандумга кол койгон түрк компаниясы техникалык кара куурайдын уругунан азык-түлүк, косметика, текстиль жана курулуш материалдарын иштеп чыгуу менен алектенет.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18