24.kg
17:35, 05 ноября 2020, 24.kg

Кыргызстанды кантип инвесторго кызыктуу кылса болот? Төрт кеңеш

2020-жылдын октябрь айындагы революциядан кийин Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун кайра калыбына келтирүү жолдору жөнүндө экономика илимдеринин доктору, КМШ өлкөлөрү институтунун экономика бөлүмүнүн жетекчиси Аза Мигранян менен сүйлөштүк.

Талдоочунун айтымында, Кыргызстан биринчи кезекте ишкананы улутташтыруудан баш тартышы керек. Анын ордуна профессор өлкө бийлигине алдыга жылуу пландарын ишке ашырууга чакырат.

Инвесторлорду кызыктыра турган сунуштардын пакетин иштеп чыгуу зарыл. Анда Кыргызстандын кызыкчылыгы эмес, капиталдын кайтарымы дагы каралышы керек.

Аза Мигранян

«Мен долбоорлордун мөөнөтү жана анын кирешеси боюнча айтып жатам. Өлкөлөр өндүрүш кооперациялык тутумуна чыгуусу зарыл. Анткени, соода байланыштар менен маселени чечүүгө болбойт», — дейт Аза Мигранян.

Үчүнчү кеңеш — өлкөдөн иштеп жаткан инвесторлорго кайрылуу. Өкмөт аларга ишин улантууга уруксат берерин айтып, аларга ыңгайлуу абал түзүүнү кепилдеши керек.

«Өкмөт өткөн окуяларда жапа чеккен ишкерлерге, инвесторлордун кайсы өлкөдөн келгендигине карабай кенемте төлөп берүүгө даярдыгын билдирет. Балким ал салыктык каникул катары болот», — дейт Аза Мигранян.

Талдоочунун төртүнчү кеңеши — Кыргызстан негизги өнөктөштөрү, биринчи кезекте ЕАЭС өлкөлөрү менен кызматташтыгын кеңейтиши керек.

«Бул жөн гана сөз эмес, даяр долбоор жана программалар менен ишке ашышы зарыл. Мындай кадамдар Кыргызстандын жаңы жетекчилигинин имиджин бекемдеп, сырткы байкоочулардын ишенимин алууга жол ачат», — деп эсептейт Аза Мигранян.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18