24.kg
16:56, 05 ноября 2020, 24.kg

Бишкектин коомдук унаа каттамы токтотулбайт

Азырынча Бишкектеги коомдук унааларды токтотуу тууралуу маселе каралган жок. Бул жонүндө мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Вице-мэр Азиз Азимкулов жүргүнчү ташыган жеке компаниялардын жетекчилери менен жолугушту. Ал белгилегендей, Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда, ошондой эле шаардык коомдук транспортто, айрыкча кичи автобустарда санитардык эрежелер сакталбай жатат.

«Вице-мэр жүргүнчү ташуучуларга COVID-19дан коргонуу чараларын күчөтүүнү тапшырды. Биринчиден, санитардык эрежелерди айдоочулар сактап, бет кап тагынышы керек! Ошондой эле кичи автобустарда маалыматтык кампанияны күчөтүү керек», — деп айтылат билдирүүдө.

Жүргүнчү ташыган жеке компаниялардын жетекчилери айдоочулар арасында сасык тумоого каршы массалык эмдөө жүргүзүүнү сунуштады. Маселе Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун көзөмөлүнө алынды.

Жолугушуунун жыйынтыгында көйгөйлөрдү тез арада чечүү үчүн транспорттук блок жүргүнчү ташуучулар менен жума сайын кезигип турмай болду.

Буга чейин Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаал кыйындап бараткандыктан, бардык тойканаларды 15 күнгө жабуу пландалып жатканы айтылган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18