24.kg
16:14, 05 ноября 2020, 24.kg

Бишкекте бир нече адам милицияга кол салды

Бишкекте жаалданган топтун кол салуусунан улам милиция асманга эскертүү иретинде ок атты. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, 01:00дө Биринчи май райондук милиция кызматкерлери Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан чыгышкан. Жогоруда айтылган көчө кесилишинде Daewoo Nexia жол эрежесин одоно бузуп, милициянын автоунаасы менен кагышып кете жаздагандыктан аны милиция токтоткон. Айдоочу буга баш ийбестен Толстой — Репин көчөсүнө жакын жердеги кафенин жанына барып токтогон.

«Милиция токтобой кеткен автоунааны башкарган адамдын ким экендигин тактоо учурунда ал жана 10-15 чакты адам айбат көрсөтүп, милицияга күч колдоно баштаган», — деп айтылат билдирүүдө.

Жаалданган топту артка кайтаруу үчүн милиция эскертүү иретинде асманга ок атууга аргасыз болгон.

Аягында 22-24 жаштардагы үч жаран кармалган. Окуя болгон жерден октун калдыктары (гильза) жана манжа белгилери алынган. Ал эми Daewoo автоунаасы айып короого киргизилген. Окуя боюнча «Бейбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган. Тергөө жүрүүдө.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18