24.kg
12:52, 05 ноября 2020, 24.kg

«Ак үйгө» келтирилген зыянды аныктоо боюнча комиссия түзүлдү

Бүгүн, 5-ноябрдагы Жогорку Кеңешинин жыйынында 5-6-октябрда болуп өткөн окуяларга байланыштуу «Ак үйгө» келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссия түзүү сунушталып, атайын токтом кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирет.

Комиссиянын мүчөлүгүнө тиешелүү мекеме өкүлдөрү киргизилди.

Талкуу маалында төраганын орун басары Мирлан Бакиров аталган комиссия эки жума аралыгында жабыркаган мүлктөр тууралуу маалыматтарды тактоосу керектигине токтолду

Ал эми депутат Дастанбек Жумабеков Мамлекеттик мүлк фондунун өкүлдөрүн да комиссияга киргизүү зарылчылыгын кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18