24.kg
10:22, 05 ноября 2020, 24.kg

Балбак Түлөбаев Бишкектин тойканаларын 15 күнгө жапмакчы

Бишкек шаарынын бийлиги эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу тойканаларды жабууну караштырып жатат. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Ал тойкана ээлерине кайрылып, эскертүү берди.

«Коронавирус кооптуу болуп жатат. Жалдырасак да, сурансак да болбой жатасыңар. Бүт шаарды коркунучка алып келдиңер. Шаарды кайра карантинге жаба албайбыз. Эл кыйналат. Такыр укпаган адам экенсиңер. Тойкана ээлери бул сөз силерге! Элдин ден соолугу менен ойноп жатасыңар. 15 күнгө жабабыз. Жакында чечим чыгаралы деп ойлонуп жатабыз. Болдугула да эми. Сураныч. Өтүнүч. Эл бизге талап коюп жатат», — деп жазды Түлөбаев.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18