24.kg
09:23, 05 ноября 2020, 24.kg

Казакстан чет өлкөлүктөрдүн өлкөгө киришин чектеди

Казакстан бир катар облустарда коронавирус илдети жайылып жатканына байланыштуу мамлекеттик чек араларда чектөө чараларын күчөттү. Бул тууралуу казак өкмөтүнүн расмий сайтында кабарланды.

Мекеме аралык комиссиянын чечимине ылайык, Казакстандын аймагында жашап турууга уруксат алган чет өлкөлүктөр, алардын үй-бүлө мүчөлөрү, казак жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрү болуп эсептелген чет өлкөлүктөр мамлекеттик чек аралардан 90 суткада бир жолу гана өтө алат.

Мындан тышкары 2021-жылдын 1-майына чейин 57 өлкөнүн жарандары үчүн визасыз режим токтотулду. 1-январга чейин Кытай жана Индиядан келген транзиттик жүргүнчүлөр үчүн Казакстан аймагында 72 саат визасыз жүрүүнү чектөө 2021-жылдын 1-январына чейин узартылды. 9-ноябрдан баштап Түркияга уюштурулган аба каттамдары жумасына 33төн 20га кыскартылат.

Казакстандын Чыгыш Казакстан, Павлодар, Акмоло, Костанай жана Батыш Казакстан облустарында коронавирус илдети күчөп жатат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18