24.kg
09:18, 05 ноября 2020, 24.kg

Садыр Жапаров: Тышкы карыздан өзүбүздүн эле ресурс менен кутулсак болот экен

Кыргызстан тышкы карызынан өз ресурстары менен кутула алат. Бул тууралуу 3-ноябрда «Region» телеканалындагы маегинде президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров билдирди.

Ал тышкы карызды төлөш үчүн элден жардам сунуш кылынып жатканын, бул үчүн Финансы министрлиги президенттик фонд түрүндө атайын эсеп ачканын айтып, ал тууралуу эртең-бүрсүгүнү жарыяланарын кошумчалады.

«Жолдору бар экен. Өзүбүздүн эле ресурс менен кутулуп койсок болот экен. Аны сүйлөшүүлөр жолу менен чечишибиз керек. Кайсы жерден кантип кутулсак болорун алдын ала болжоп койдук. Жолдор бар экен, мисалы, Кытайдын карызынан... Калган карыздардан деле өзүбүздүн ресурстарды колдонсок болот экен. Жаратылыш ресурстарын», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18