24.kg
15:49, 04 ноября 2020, 24.kg

Садыр Жапаров: кызматымды 14-ноябрга чейин өткөрүп берем

3-ноябрда «Region» телеканалындагы маегинде президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров кызматын 14-ноябрга чейин өткөрүп берерин билдирди.

«Азыркы иштеп жаткан Баш мыйзам боюнча президент, президенттин милдетин аткаруучу шайлоого катыша албайт. Бирок мен президенттин милдетин аткаруу милдетин 14-ноябрга чейин өткөрүп берем. Кудай буюрса катышам», — деди Жапаров.

Учурда БШКга президенттикке талапкер болуш үчүн Бектур Асанов, Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Арстанбек Абдылдаев жана Адахан Мадумаров расмий арыз тапшырды. Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев 4-ноябрдагы парламенттин жыйынында билдирүү жасап, алдыдагы президенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын атынан талапкерлиги көрсөтүлүп жаткандыктан, бул кызматын тапшырып берүүнү чечкенин билдирди. Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев да президенттикке талапкер болуш үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз даярдап жатканын «Азаттыкка» кабарлады.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18