24.kg
15:04, 04 ноября 2020, 24.kg

COVID-19. Сузак районунда чектөө киргизилди

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда коронавирус кеңири тарагандыктан чектөө киргизилди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине акимдин орун басары Лола Абибова билдирди.

Айтымында, коомдук тамактануу жайлары 18.00гө чейин иштейт. Мындай чечимди райондук штаб кабыл алды.

Коронавирусту жуктургандардын саны аймакта көптөгөн той, үлпөттөр өткөрүлө баштагандан кийин өстү.

Кафе-ресторандардын ээлери буга чейин да эскертүү алышкан, бирок ага карабастан үйлөнүү үлпөтү, тойлорду өткөрүүнү улантышкан. Мындан ары чектөө тартибин бузган кафе-ресторандардын ээлерин мыйзам алкагында жоопкерчиликке тартмакчы.

Эске салсак, март айынан бери 60 миң 774 учур катталган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18