24.kg
14:21, 04 ноября 2020, 24.kg

Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы «Ак үйдүн» тосмосун алып салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасы Талант Мамытов «Ак үйдүн» алдын курчап турган тосмону алып салууну сунуштады. Ал депутаттардын колдоосун алгандан кийин сөз сүйлөп, Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү маселесине биринчи болуп киришерин айтты.

««Ак үй» үчүнчү ирет талкаланып жатат. Коргонгон сайын эл туура эмес түшүнөт экен. Бизди ошол тосмо сактап кала алган жок, сактай албайт дагы. Кечээ Садыр Нургожоевич менен чогуу отурганда, ал дагы алып салуу керектигин айтты. Мен ал идеяны колдойм. Ошол тосмолор болбосо, бизде да эл менен ажырым болбойт деп ойлойм. Элге жакын болуп иштесек эч качан толкундоолор, кыйратуулар болбойт», — деди Мамытов.

Ошондой эле ал азыркы чакырылыш аз иштейби же көп иштейби, депутаттарды өз вазыйпасын так аткарууга чакырды. Мындан ары кадимки график менен тармактык комитеттердин отурумдары, шаршемби, бейшемби күндөрү жалпы жыйындар өтөрүн белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18