24.kg
11:19, 04 ноября 2020, 24.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев отставкага кетти

Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев отставкага кетти. Бул тууралуу ал «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан отурумда билдирди.

Айтымында, ал президенттике талапкер болмокчу.

«Алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин иштөө мөөнөтү аяктап жаткандыктан, мен президенттин милдетин аткаруудан баш тарткам. Талаш-тартыш болушун каалабадым. Бирок парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырышты. Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышаарын жарыялады. Демек, парламенттин төрагасы президенттин милдетин аткарышы керек. Бирок «Кыргызстан» партиясы мени мамлекет башчысына болгон шайлоого талапкер кылып сунуштады, ошондуктан төрагалыктан отставкага кетүү чечимин кабыл алдым», — деди Канат Исаев.

Ал кесиптештерин жана саясатчыларды жоопкерчиликке чакырды.

«Учурда бир мандаттуу аймактарды калыбына келтирүү аракети болуп жатат. Бирок өз убагында, ушундан улам ыңкылап болгон. Мажоритардык система түптөлсө, негизги ролду акча ойногон ири аймактар жаралат. Карапайым эл парламентке шайлануу мүмкүнчүлүгүнөн айрылат. Ошондуктан ар бир чечимибизди жоопкерчилик менен кабыл алалы», — деди Канат Исаев.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18