24.kg
10:59, 04 ноября 2020, 24.kg

Канат Исаев Жогорку Кеңештин төрага ордун бошотмой болду

Жогорку Кеңеш төрагасы Канат Исаевди алмаштырмай болду. Бул тууралуу журналистерге депутаттар билдирди.

Маалыматка ылайык, Канат Исаев отставкага кетмекчи.

Анын ордуна жалгыз талапкер — депутат Талант Мамытов. Бирок ал бул маалыматты төгүндөп да, ырастап да берген жок.

«Азырынча Канат Исаев арызын жаза элек. Ошондуктан күтө туруңуздар. Ал чындап эле кетээрин анык билем», — деди Талант Мамытов.

Белгилей кетсек, Канат Исаев «Кыргызстан» партиясынан президенттикке ат салышаары маалым болду. Ошондуктан ал парламенттин спикерлигин таштап, шайлоо кампаниясына катышмакчы.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18