24.kg
09:41, 04 ноября 2020, 24.kg

АКШда президентти шайлоо жүрүп жатат

Учурда АКШда президенттик шайлоо жүрүп, талапкерлер — азыркы мамлекет башчы Дональд Трамп менен Джо Байдендин ортосундагы айыгышкан добуш талаш жүрүүдө. Бир катар штаттарда Байден артыкчылык кылса, бир катар штаттарда Трамп озуп кетүүдө.

РИА Новости бюллетендерди алдын ала саналган көрсөткүчү боюнча учкай маалыматтарды берди.

Бюллетендерди жарымы саналган маанилүү делген штаттардагы көрсөткүч төмөнкүдөй:

  • Техас (38) — Трамп 50,4 пайыз, Байден 48,3 пайыз (саналганы 67 пайыз);
  • Флорида (29) — Трамп 51,3 пайыз, Байден 47,8 пайыз (саналганы 91 пайыз);
  • Жорджия (16) — Трамп 56,2 пайыз, Байден 42,6 пайыз (саналганы 51 пайыз);
  • Түштүк Каролина (15) — Трамп 49,3 пайыз, Байден 49,5 пайыз (саналганы 87 пайыз);
  • Огайо (18) — Трамп 50,5 пайыз, Байден 48,1 пайыз (саналган 74 пайыз).
Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18