24.kg
17:00, 03 ноября 2020, 24.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ооруп калды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бронхити кармап, ооруп калды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Айтымында, Атамбаевге бронхит деген диагноз коюлду. Коронавируска тестти ал берген эмес. «Эртеңки Кой-Таштагы окуялар боюнча сот отурумуна Алмазбек Атамбаев катыша албайт окшойт», — деди Сергей Слесарев.

Жактоочу билдиргендей, Бишкек ТЭЦин модернизациялоо жана Терек-Сай кен казуу жайын иштетүү боюнча мыйзамсыз лицензия берүү иштерин караштыруу күнү белгиленген, мындан тышкары Кой-Таш айылындагы жер тилкесин сатып алуу жана пайдалануу келишимин түзүүдөгү жемкорлук боюнча ишти караштыруу күнү да маалым болду.

«Алгачкы угуулар мыйзам бузуулар менен, Алмазбек Атамбаевдин катышуусуз өттү. ТЭЦ жана лицензия боюнча процесс 20-ноябрга, жер тилкелери боюнча — 6-ноябрга белгиленди», — деди Сергей Слесарев.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18