24.kg
12:05, 03 ноября 2020, 24.kg

COVID-19. Сасык тумоо менен коронавирустун симптомдорун айырмалоо мүмкүн эмес

Кадимки сасык тумоо менен коронавирустун симптомдорун айырмалоо дээрлик мүмкүн эмес. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкары пульманологу Талантбек Сооронбаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ошондуктан бул эки илдетти дарылоо тактикасы да бирдей болушу шарт — адамдын дене табы көтөрүлсө, ал обочолонушу керек.

«2009-жылы H1N1 гриппи күч алган. Биз ушул штаммды жуктурган оорулууларды COVID-19ду жуктуруп алгандар менен салыштырдык. Изилдөө жыйынтыгы көрсөткөндөй, H1N1 коронавирусту жуктургандардын симптомун кайталады. Ошондуктан, дене табы көтөрүлгөн оорулуулар бүт талаптарды кылдат аткаруусу керек», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18