24.kg
10:39, 03 ноября 2020, 24.kg

Доллардын баасы 84 сомго жетип калды

Доллар кымбаттоосун улантууда. Бүгүн анын баасы 84 сомго жакындап калды.

Учурда АКШ валютасын 82,9-83,4 сомдон сатып алып, 83,5-83,8 сомдон сатышууда. Бир нече сааттын ичинде анын баасы 50 тыйынга өстү.

Ал эми акыркы сутканын ичинде доллардын баасы 2 сомго кымбаттады.

Эске салсак, доллар өткөн аптадан тартып кымбаттай баштады. Улуттук банк $42,4 миллионун сатып, интервенция жасоого мажбур болду. Бул акыркы жарым жылдын ичинде жүргүзүлгөн эң ири интервенция. Бирок кечээтен баштап доллардын баасы кайтадан өстү.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18