24.kg
10:17, 03 ноября 2020, 24.kg

Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого катышарын али чече элек

Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого катышарын али чече элек. Бул тууралуу ал кечээ «Азаттыкка» билдирди.

«Республика» партиясынын мурдакы лидери жакын арада чечим кабыл алып, элге жарыяламакчы.

«Шайлоого ким менен барам? Кимди колдойм? Ким мени колдойт? Аны жакында билесиздер», — деди ал.

Белгилей кетсек, учурда президенттике «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров, Арстан Алай, экономист Кубан Чороев жана жигерчи Назарбек Нышанов, Бектур Асанов ат салышмакчы.

Президентти мөөнөтүнөн эрте шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18