24.kg
10:03, 03 ноября 2020, 24.kg

Алайда Памирлик кыргыздар үчүн курулган социалдык шаарча колдонууга берилди

Алай районунун Талды-Суу айылында Памирлик кыргыздар үчүн курулган социалдык шаарча колдонууга берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, Нарын облусунан 6 үй-бүлөө, Чуй облусунан 1 үй-бүлөө, Алай районунун Сары-Могол айылынан 3 үй-бүлөө көчүрүлүп барып, жаңы курулган үйлөргө жайгаштырылды.

Тактап айтсак, Миграция кызматынын демилгеси менен 2017-жылы Памирден 7 үй-бүлөө же 33 этникалык кыргыз көчүрүлүп келинген. Алгач памирлик кыргыздар Нарын облусуна жайгаштырылып, мектеп жашындагы балдар окууга тартылып, убактылуу батирлер менен камсыздалган. Памирлик үй-бүлөөлөрдүн жашоо чыгымдары (тамак-аш, кийим-кече, коммуналдык чыгымдар, батир акылары ж.б.) бүгүнкү күнгө чейин Миграция кызматынын бюджетинен бөлүнгөн каражаттын эсебинен каржыланып келди.

Миграция кызматынын бюджетинен жалпысынан 20,0 млн. сом бөлүнүп, Ош облусунун Алай районундагы Талды-Суу айылында памирлик кыргыздар үчүн социалдык көнүгүү шаарчасында 11 турак-үй курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди жана алардын кошумча курулуштары, электрификациясы, жылуулук системасы кошо бүткөрүлдү.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18