24.kg
16:07, 02 ноября 2020, 24.kg

Садыр Жапаров Баткенде эл менен жолугушууда

Өкмөт башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна барды.
 
Ал Баткен районундагы Көк-Таш — Тамдык жана Ак-Сай — Рават автожолдорунун курулуш менен таанышып чыкты.
 
Ошондой эле Садыр Жапаров Аксай-Рават жолунун курулушу менен таанышты. Аталган каттам Лейлек районуна, Сүлүктү шаарына, Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр айыл аймактарына Тажикстан Республикасынын аймагын айланып өтүүчү көз карандысыз автоунаа каттамын камсыз кылуу максатында курулууда.
 
«Элдин жашоосу, чоңдордун бул аймакка дээрлик аз келиши, бүтпөгөн чек ара чырлары — менин көңүл чордонумда дайыма турат. Баткен — Кыргызстандын картасындагы эң алыскы жана 2 мамлекет менен чектешкен саясий стратегиялык аймак. Ошондуктан мамлекеттик чек аранын сакталышы үчүн Баткен облусуна өзгөчө көңүл бурууга милдеттүүбүз», — деди Садыр Жапаров.
 
Ал учурда Баткен шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрүүдө.
Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18