24.kg
15:30, 30 октября 2020, 24.kg

Украина президенти Конституциялык сотту таратууну сунуштады

Украинанын президенти Владимир Зеленский 30-октябрда Жогорку Радага өлкөнүн Конституциялык сотунун ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө мыйзам долбоорун жөнөттү.

«Конституциялык сот өндүрүшүнө карата коомдук ишенимди калыбына келтирүү жөнүндө» мыйзам долбоору эки беренеден турат. Биринчисинде Конституциялык соттун 27-октябрдагы чечимин жокко чыгаруу сунушталган. Анда сот Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук агенттиктин бир катар ыйгарым укуктары негизги мыйзамга каршы келет деген чечим чыгарган.

Экинчи беренеде бул чечимди кабыл алууга катышкан сотторду иштен алып, Конституциялык сотко жаңы тандоо процедураларын баштоо сунушталган.

Украинанын Конституциясына ылайык, конституциялык соттун судьялары парламенттин же президенттин чечими менен жумуштан бошотулбайт. Судьяларды иштен алуу — конституциялык судьялардын үчтөн экисинин чечими менен кабыл алынат. Судьялардын иши алардын ыйгарым укуктары аяктаганда, 70ке чыкканда, украин жарандыгынан баш тартканда жана мыйзамдарды бузганда токтотулат.

27-октябрда өлкөнүн Конституциялык соту Украинанын коррупцияга каршы агенттигинин аткаминерлердин жана депутаттардын декларациясын көзөмөлдөө жана текшерүү, декларациялардын тизмелерин ачык жарыялоо жана кызмат адамдарынын жашоо образына мониторинг жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарын мыйзамсыз деп тапкан.

Мындан кийин Зеленский Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин жыйынын өткөргөн. Жыйындын соңунда өкмөткө декларацияларды ачык жарыялоону жана соттун тыюу салганына карабай аны текшерүү механизмин камсыздоону тапшырган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18