24.kg
10:37, 30 октября 2020, 24.kg

COVID-19. Окумуштуулар вирустун жаңы вариантын аныкташты

Швейцария жана Испания окумуштуулары коронавирустун жаңы вариантын аныкташып, аны 20A.EU1 деп аташты. Иликтөө жыйынтыгы medRxiv порталында жарыяланган.

Вирустун жаңы варианты бир катар европалык өлкөлөрдө таркап, айрымдарында 20A.EU1 жуктургандардын саны өсүүдө.

Окумуштуулардын айтымында, вирустун жаңы вариантын жугузгандар алгач Арагон менен Каталонияда аныкталган, анан ал Валенсияга да жеткен. Испанияда 20A.EU1 вирусун жугузгандардын саны 40 пайыздан ашкан.

20A.EU1 вирусун Швейцария, Ирландия жана Улуу Британияда да табышкан, сентябрь айында бул вирусту жугузгандардын саны 40 пайыздан 70 пайызга чейин жеткен.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18