24.kg
09:51, 30 октября 2020, 24.kg

Президентти шайлоо. Талапкер үгүттөө кампаниясына канча каражат сарптай алат

Президенттик шайлоого катышуучу талапкерлер үгүттөө кампаниясына канча каражат сарптай алаарын Боршайком ачыкка чыгарды.

Маалыматка ылайык, талапкер өзүнүн жеке каражатынан 15 миллион сом сарптай алат. Ал эми анын фондуна кайрымдуулук катары түшкөн каражат 50 миллион сомдон ашпашы талап. Мындан тышкары талапкерди шайлоо фондунда 200 миллион сомдон ашуун каражат топтолбошу керек.

Талапкер алгач «РСК Банк» же «Айыл Банкынан» эсеп ачып, шайлоо күрөөсү катары 1 миллион сом салышы керек.

Шайлоочулардын жалпы санынан добуштардын жарымынан көбүн алган талапкер жеңүүчү деп эсептелинет.

Эске салсак, президентти мөөнөтүнөн эрте шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18