24.kg
09:17, 30 октября 2020, 24.kg

Кыргызстан Казакстандан акчалай жардам сурады

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 29-октябрда Нур-Султан шаарына иш сапары менен барып, Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин менен жолугушту.

Руслан Казакбаев Кыргызстанда кырдаал турукташып калганын айтып, казакстандык инвестициялардын коопсуздугун сактоо боюнча тийиштүү чаралар көрүлөрүн белгиледи.

Тараптар саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана башка тармактар боюнча кызматташтык тууралуу сүйлөштү. Ошондой эле COVID-19 пандемиясы маалында чогуу аракеттенүүнү макулдашты. Министр Руслан Казакбаев казак тараптан дары-дармек, коргонуучу каражат жагынан көмөктөшүүсүн суранды. Ошондой эле министр казак бийлигинен Кыргызстандын мамлекеттик бюджетин колдоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында акчалай жардам берүүнү өтүндү.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев өткөн аптада бюджетти толтурууга Европа Биримдигинен жардам сураган.

Орусия буга чейин убада кылган 100 миллион доллар жардамын Кыргызстанда 6-октябрдагы окуялардан кийинки туруксуз кырдаал учурунда токтотуп койгону маалым болгон.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18