24.kg
17:01, 29 октября 2020, 24.kg

Садыр Жапаров министрлерге тапшырма таратты

Бүгүн өкмөттө өткөн жыйында Садыр Жапаров министрлерге тапшырма берди. Мамлекеттик чек ара кызматына өз ишин мыкты аткарып, чек араны күчөтүлгөн тартипте коргоону тапшырды.

Мындан тышкары, мекеме жетекчилиги жемкордук менен күрөшүү ишин күчөтүшү керек.

«Айыл чарба министр агро азыктарынын сапатын жакшыртуу үстүндө иштеп, аларды ички рынокко чыгарууну камсыздоо, андан кийин гана экспорт менен алектенүү керек», — деди Садыр Жапаров.

Экономика министрлигине тышкы карызды төлөө боюнча сунуштарын иштеп чыгуу тапшырылды. Каржы министрлиги жана Саламаттык сактоо министрликтери да өкмөт башчысынан тапшырма алды.

Калгандары өз тапшырмаларын кийин алаарын айтты Садыр Жапаров.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18