24.kg
14:30, 28 октября 2020, 24.kg

Баткенде көмүр баасы арзандады

Баткен шаарынын мэриясынын имаратынын жанында Сүлүктүнүн «БР» маркасындагы көмүрү 6 сом 50 тыйындан сатылууда. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка караганда, район, шаарларда жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жергиликтүү калкты арзан баадагы көмүр менен камсыз кылуу колго алынууда.

«Алсак, Баткен шаардык мэриясы көмүр өндүргөн жеке ишкерлер менен келишим түзүп, жергиликтүү калкты арзан баадагы көмүр менен камсыз кылуу аракетин көрүүдө. Учурда мэриянын имаратынын жанында Сүлүктүнүн «БР» маркасындагы көмүрү 6 сом 50 тыйындан сатылууда. Бүгүнкү күндө 30 тонна көмүр ташылып келген. Ал эми аталган көмүр базарда 7 сом 50 тыйындан сатылып жатат. Мындай демилге базар баасын турукташтыруу жана калкты арзан баадагы көмүр менен камсыз кылуу максатында жыл сайын жүргүзүлүп келет», — дейт өкүлчүлүгү.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18