24.kg
13:42, 28 октября 2020, 24.kg

Өлкөгө $12 миллион зыян келтирген аткаминер кармалды

Өкмөттүн сот өкүлчүлүктөрү борборунун директору Тимур Шамбетов кармады. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мекеме башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.

«Тергөөнүн жүрүшүндө кыргыз өкмөтүнүн сот өкүлчүлүктөрү борбору менен Каржы министрлигинин жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө — 12 миллион доллардан (1 миллиард сомго жакын) ашык зыян келтирилгендиги аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмышка тиешеси бар делген дагы башка жогорку кызматтагы адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иштер жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18