24.kg
09:51, 28 октября 2020, 24.kg

Сауд Арабия кыргызстандыктарга умрага барууга уруксат берген жок

Сауд Арабия умрага барууга уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Алардын маалыматында, 1-ноябрдан баштап сырттан келүүчүлөрдү умрага кабыл алууну баштап, 108 өлкөгө уруксат берди. Алардын катарында Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Түркия, Азербайжан жана Белоруссия өлкөлөрү бар.

«Азырынча убактылуу уруксат берилбей турган мамлекеттердин саны 20. Алардын катарында Иран, Египет, Катар, Италия жана Кыргызстан бар. Ал эми уруксат берилбей турган мамлекеттердин саны 56. Алардын катарында Орусия, Украина, Улуу Британия жана Америка Кошмо Штаттары бар», — дейт муфтият.

Эске салсак, 23-сентябрда Сауд Араб Падышачылыгы 3 этап менен коронавирус илдети азайган өлкөлөргө умра ибадатын аткарууга уруксаат бериле тургандыгын жарыялап, ал үчүн атайын график иштелип чыгаарын маалымдашкан.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18