24.kg
10:23, 27 октября 2020, 24.kg

Президентти шайлоо. БШК чыгымдардын сметасын бекитти

Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өткөрүлө турган президенттик шайлоонун чыгымдар сметасын бекитти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчыны шайлоого 549 миллион 161 миң 100 сом сарпталмакчы. Анын ичинен 369 миллион 137 миң 300 сомун облустарга багытташат. Бул суммага иш сапарларына кеткен чыгымдар, кеңсе товарларын сатып алуу, шайлоо тилкелеринин кызматкерлерине тренинг өткөрүү, алардын эмгек акысы, байланышка кеткен чыгымдар кирет. Бюллетендерди басып чыгарууга 7-10 миллион сом каралган.

Эске салсак, мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоо 10-январга дайындалган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18