24.kg
09:25, 27 октября 2020, 24.kg

Сапар Исаковго мамлекет аралык издөө жарыяланды

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго мамлекеттер аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) билдирди.

Мекеме буга чейин Исаковдун өргүүсү 12-октябрда аяктаганын, бирок түзөтүү абагына кайтып келбегенин кабарлаган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Жазадан качуу» беренеси менен катталган.

2020-жылы июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Исаковду 18 жылга эркинен ажыраткан. Ал Тарых музейин реконструкциялоодогу жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданды куруудагы коррупцияга айыпталган. 2019-жылы ал Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция иши боюнча 15 жылга соттолгон.

Жаза аткаруу кызматы мындан тышкары коррупция айыбы менен 15 жылга соттолгон Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов да изделип жатканын кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18