24.kg
17:48, 26 октября 2020, 24.kg

Алмазбек Атамбаев ачкачылык жарыялады

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Бишкектеги № 1 тергөө изоляторуна которушту. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, Атамбаевди мурда өлүм жазасы чыгарылган адамдарды кармоочу жертөлөго которушту.

«Анын камерасына бүгүн гана жылуулук беришти. Канализациясы иштебейт, эшиктери дайым ачык турат. Алмазбек Атамбаев ачкачылык жарыялады», — деди Замир Жоошев.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыратышты. Буга чейин аны УКМКнын тергөө изоляторунда кармашкан. 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү аны бошотушкан. 9-октябрда ал Ала-Тоо аянтына митингге чыгып, эртеси күнү аны кайта кармап кетишкен.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18