24.kg
09:35, 26 октября 2020, 24.kg

Эрдоган Макронду мусулмандарга мамилеси үчүн сындады

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 24-октябрда Франциянын президенти Эммануэль Макронду мусулмандарга көз карашы үчүн кескин сындады. Эрдоган Макрондун «психикасын дарылоо керектигин» айтты.

«Түрдүү ишенимдеги миллиондогон ыймандууларга кайрылып, алардын психикасын дарылоого чакырган мамлекет башчыга эмне деп айтыш керек?»- деди Эрдоган Анадолу аймагына барган учурдагы телекайрылуусунда.

Эрдогандын билдирүүсүнөн соң Франция Түркиядагы элчисин чакыртып алганын «Франс Пресс» агенттиги жазды.

Макрон ушул айдын башында Исламды «дүйнөлүк кризиске бет алган дин» катары сыпаттаган. Президенттин айтымында, декабрда Франция өкмөтү чиркөөнү мамлекеттен ажыраткан 1905-жылкы мыйзамды бекемдөө мыйзам долбоорун сунуш кылат.

Макрондун дүйнөбий баалуулуктарды радикал исламчылыктан коргоо чакырыгы түрк өкмөтүн камтама кылган.

Макрон менен Эрдоган Жер ортолук деңизинин чыгышындагы укуктук маселелер, Ливиядагы, Сириядагы абал, Тоолуу Карабактагы жикчилдик кризиси жаатында ача пикир билдирип келишет.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18