24.kg
17:54, 23 октября 2020, 24.kg

COVID-19: Хожентте санитардык нормаларды сактабаган көңүл ачуу жайлары жабылууда

Тажикстандын Хожент шаарында санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактабаган көңүл ачуу жайлары массалык түрдө жабылууда.

«16-октябрдан бери шаардагы онго жакын көңүл ачуу борбору жабылды. Түшүндүрүү иштерине карабастан, алардын ээлери коронавируска каршы күрөшүү боюнча шаардык штабдын сунуштарын аткарышкан эмес», — деп жазылган мэриянын 23-октябрда жарыяланган билдирүүсүндө.

Калаа бийлиги көңүл ачуу жайлары шаарда эпидемиологиялык кырдаал турукташкандан кийин санитардык нормаларды сактоо шарты менен ишмердүүлүгүн кайра уланта алышат.

Айрым эксперттер Согди облусунда, анын ичинде аймактын администравтивдик борбору Хожент шаарында коронавируска байланышкан абал оор бойдон калып жатканын билдиришүүдө. Апта башында калаа башчысы Маруф Мухаммадзода жергиликтүү аткаминерлерден коргонуу чараларынын сакталышына көбүрөөк көңүл бурууну талап кылган.

«Шаарда коронавируска кабылгандардын дээрлик жарымы тойлордо жуктурган деген маалыматтар бар. Эгер адамдар санитардык эрежелерди сактабаса, анда тойлорго тыюу салууга туура келет. Түрдүү иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берерден мурда уюштуруучулардан санитардык нормалар сактала тургандыгы жөнүндө милдеттенме алынышы керек», — деген Мухаммадзода.

Расмий маалыматтарга караганда, пандемия башталгандан бери Хожентте 4 650 киши коронавирус жуктуруп алды. Өлкө боюнча 22-октябрь күнү жарыяланган маалымат боюнча коронавирус жуктургандар 10 653 кишиге жетти. Алардын 9 724ү айыгып, 81 бейтап каза болду.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18