24.kg
11:51, 23 октября 2020, 24.kg

COVID-19 экинчи толкуну. Ооруканалардан 322,3 миллион сомдук дары-дармек бар

Республикабыздын саламаттык сактоо уюмдарында 322 миллион 396,8 миң сомдук дары-дармек бар. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 45,7 миллион сомдук дары-дармек бар, Ош облусунда — 179 миллион сом, Жалал-Абад — 41,5 миллион, Баткен — 20,3 миллион. Мындан тышкары, Чүй облусунда 13,5 миллион сом, Нарын облусунда — 12,8 миллион, Ысык-Көл — 7 миллион жана Талас облусунда — 5 миллион сомдук дары-дармек топтолгон.

«Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алсак, дары дармектер 1-1,5 айга же 8-10 миң бейтапты дарылоого жетет. COVID-19 эпидемиясы башталгандан бери Камсыздоо фондунун бюджетинен 1 миллиард 611 миллион 804,6 миң сом бөлүнгөн», — дешет фондунун кызматкерлери.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18