24.kg
11:32, 23 октября 2020, 24.kg

Бишкек Билим берүү башкармалыгы бюджетке 30 миллион сомго зыян келтирди

Бишкек мэриясына караштуу Билим берүү башкармалыгы 30 миллион сомго зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, башкармалык сатып алууларды тийиштүү тендер өткөрбөстөн жүргүзгөнү билинди.

«2011-2018-жылдары Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын жетекчилери ЖЧКлардын биринин өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүп алган. Алар лифт агрегаттарын даярдоо, жылуулук, электр энергиясын эсептөө аспаптарын тейлөө, текшерүү боюнча кызматтарды сатып алууну жана ысык, муздак сууну сынаксыз, тийиштүү тендерсиз, ишке ашырганы аныкталды», — деп айтылган маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш жаза кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18