24.kg
09:30, 22 октября 2020, 24.kg

Орусияда мигранттардын аздыгынан жумуш күчү тартыш болууда

Орусияда мигранттарды жалдаган компаниялардын болжол менен 40 пайызы жумуш күчүнө зарыл болууда. «Ведомости» басылмасы Стратегиялык иликтөөлөр борборунун баяндамасына таянуу менен билдиргендей, өзгөчө курьерлер жана такси айдоочулары жетишпей жатат.

Сурамжылоо учурунда жумуш берүүчүлөрдүн 40% мигранттарды жалдоодо маянадан үнөмдөөнү артыкчылык катары көрсөтүшкөн. Дагы 45% алар орусиялыктарга караганда жакшы иштерин, 19% мигранттар жумуштан сейрек бошонушарын белгилешкен.

Компаниялар менталитеттеги айырмачылык жана тил барьерин минус катары эсептешет. Бирок мигранттарды ишке орноштуруудагы бюрократиялык кыйынчылыктар эң эле чоң тоскоолдук катары саналган. Иш берүүчүлөрдүн дагы 27% мигранттардын жашаган жери жана транспорту үчүн кеткен чыгымдарын төлөшөрүн белгилешип, муну да кемчилик катары көрсөтүшкөн.

Иликтөөнүн жыйынтыгына ылайык, пандемиядан улам мигранттар өз өлкөлөрүнө кеткенине байланыштуу компаниялардын 15% жаңы кардарларды ыкчам түрдө тандоодо кыйынчылыктарга туш болушат.

Буга чейин Москванын мэри Сергей Собянин шаарда эмгек мигранттары 40% азайганын билдирген. Ал баш калаанын тазалык кызматында убактылуу иштеген жумушчулардын жетишсиздигинен улам кышка кам көрүү үчүн аймактардан жумушчу күчтөр тартылып жатканын айткан.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18