24.kg
11:37, 21 октября 2020, 24.kg

Садыр Жапаров башкы прокурор кызматына Курманкул Зулушевди сунуштады

Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чогулуп, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү караштырууда.

Премьер-министр Садыр Жапаров башкы прокурор кызматына Курманкул Зулушевдин талапкерлигин сунуштады. Бул туурасында ЖК депутаты Талант Мамытов журналисттерге билдирди.

Буга чейин Башкы прокуратураны Өткүрбек Жамшитов жетектеп келген.

Зулушев Жогорку Кеңештин VI чакырылышына «Республика — Ата-Журт» партиясынан депутат болуп келген. Ага чейин прокуратура жана сот органдарында эмгектенген. 2013-жылы бийликти басып алууга аракет кылган деп кармалган саясатчылар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун ишин карап актап чыгарган. Андан көп өтпөй эле кызматтан алынган болчу.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18