24.kg
11:01, 21 октября 2020, 24.kg

Садыр Жапаров Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолукту

Президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Россиянын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Николай Удовиченко Садыр Жапаровду премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Садыр Жапаров Конституцияга ылайык, орус тили расмий тил боюнча калат жана анын макамын өзгөртүү боюнча ой жок экенин белгилеп, буга байланыштуу ал Кыргызстандын айылдарында жашаган жарандарга сабак берүү үчүн орус тили мугалимдеринин санын көбөйтүү өтүнүчүн билдирди.

Тараптар Кыргызстанга каржылык көмөк берүү, өлкөлөр ортосундагы үзгүлтүксүз каттамдарды көбөйтүү мүмкүнчүлүгү маселесин жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды талкуулады. Өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-россия комиссиясынын мындан аркы ишин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков алып барат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-россиялык кызматташтыгынын күн тартибинде турган актуалдуу маселелерди чечүү үчүн активдүү диалогду улантууга даярдыгын билдирди.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18