24.kg
09:32, 21 октября 2020, 24.kg

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев суракка чакырылды

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев суракка чакырылды. Бул тууралуу 24.kgмаалымат агенттигине өз булактарынан маалым болду.

Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматынын тергөөчүсү коронавирус пандемиясы убагында келген гумжардам боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы аткаминерди күбө катары суракка чакырганы билинди.

Эске салсак, аталган кылмыш иши боюнча шектүү катары мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Бишкектеги тергөө абагына камалган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18