24.kg
09:20, 21 октября 2020, 24.kg

Райымбек Матраимов эч жакка кетпөө шарты менен эркиндикте калды

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат менен камакка алынган жок. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

УКМКнын ыкчам кызматкерлеринин курчоосунда чыккан Райымбек Матраимов журналисттердин суроолоруна жооп берген жок. Матраимовдун адвокаты ал тергөө менен кызматташууга макул болгон үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат менен камалбаганын билдирди.

УКМК Райымбек Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлаган. Анын тарапкерлери Матраимов өз эрки менен атайын кызматка келгенин билдирген.

УКМК Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганы жөнүндө маалымат тараткан.

Кийинчерээк УКМК Райымбек Матраимовдун мамлекетке 2 миллиард сом зыян келтирди деп шектелип жатканын, аны шектелүүчү төлөөгө макул болгон жана 80 миллион сомун дароо которгонун кабарлаган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18